Жеңилдиги бар картаны алуу
Жеңилдиктен пайдаланчу категориядагы жарандарга персонификацияланган карта (пенсионерлер, майыптар, почтальондор) акысыз берилет. Картаны сервистик борборлордон (райондук акимиаттардан) алууга болот.
«Тулпар» картасын алуу үчүн тѳмѳнкүлѳр зарыл:
- картаны берүү пунктуна келүү;
- Бишкек шаарынын муниципиалдык транспортунда жеңилдик менен жүрүүгѳ укугу бардыгын жана ѳздүгүн далилдеген документти кѳрсѳтүү (пенсиялык күбѳлүк, майыптыгы боюнча күбѳлүк, почтальондун күбѳлүгү);
- жеринен сүрѳткѳ түшүү;
- картаны алып, алганын тастыктап колун коюп берүү.
Ленин райондук Сервис-борбору
Дареги: Чүй пр., 315 (Ленин районунун администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин
Свердлов райондук Сервис-борбору
Дареги: Чүй пр., 28 (Свердлов райондук администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин
Октябрь райондук Сервис-борбору
Дареги: Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь райондук администрациясынын имараты)
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дѳн 18:00гѳ чейин.