2024-жылы Тулпар жана өнөктөштөрүбүз электрондук билетинин аркасында Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспортто жүрүүдөн бир топ каражатты үнөмдөй алышты.
Алдыңкы технологияларды жана жагымдуу акцияларды киргизүү коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнө QR-код аркылуу саякаттарды төлөп, бонустарды жана арзандатууларды алууга мүмкүнчүлүк берди.

Жыл башынан бери 50% кешбэк акциясынын аркасында 1 808 430 cапар төлөнгөн. Долбоордун өнөктөштөрү жүргүнчүлөргө кийинки сапарларга же башка кызматтарга төлөй турган бонустардын жарымын кайтарып беришти. Кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 14 962 623 сомду түздү.

Мындан тышкары, жол кирени 2 эсе төмөндөтүү акциясы 837 549 сапарды төлөөгө мүмкүндүк берди. Бул акция боюнча үнөмдөлгөн каражаттардын жалпы суммасы 8 941 738 сомго жетти.

Акция Mega Pay жана Компаньон Банкы төлөм сервистери менен биргеликте өткөрүлдү, бул жүргүнчүлөрдүн көп санына арзандатууларды жана бонустарды колдонууга мүмкүнчүлүк берди.

Учурда О!Деньги электрондук капчыгында акциялар иштеп жатат 50% кэшбэк жана Bakai банктын тиркемеси аркылуу жол кирени 2 эсеге төмөндөтүү болот.

«БПЦ КГ» долбоордук компаниясынын активдүү ишинин аркасында күн сайын QR-коддорун колдонуу менен 110 000ден ашык транзакциялар ишке ашырылууда, бул шаардыктардын жаңы технологияларга жана электрондук билеттөөнүн ыңгайлуулугуна болгон ишениминин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.